Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

6 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлөнгөн өспүрүм СИЗОго камалды

Азыркы күндө жабырлануучу врачтардын көзөмөлүндө болуп, психологиялык жардам алып жатат

Ысык-Көл облусунун тургуну болгон өспүрүм 6 жаштагы коңшусун зордуктагандыгы үчүн эки айга СИЗОго отургузулду. Жети-Өгүз райондук соту мына ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу Vesti. Kg сайтына   Ысык-Көл облусунун ИИБсынын басма сөз кызматы билдирди.

- Аталган  факт боюнча КР ККнын 129-беренесинин 4-бөлүмү “Зордуктоо” боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылууда, - деп билдиришти укук коргоо органынан. – Кыз ооруканада болуп, ага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул кыжырды кайнаткан кылмыш тууралуу үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда белгилүү болгондугун эске сала кетели. Vesti.Kg Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну 28-июлда 6 жаштагы кызды алдап өз үйүнө киргизип, зордуктап салганы жөнүндө жазган.

-   Гинекологдун алгачкы кароосу көрсөткөндөй, кыздын кыз белгиси бузулган, - деп маалымдады Ысык-Көл ИИБсы.

 

Зулайка Эркимбаева
Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх