Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Машина айдап бара жатып видео көргөн маршрутканын айдоочусуна 200 сом айып салынды (видео)

Укук коргоо сакчылары тартип бузган айдоочу  жана линиянын бригадири менен маектешүү жүргүзүштү

Рулду башкарып баратып телефондон видео көрүп жаткан Бишкектеги №128 маршрутканын айдоочусун кармашты. Бул тууралуу Vesti.kgге Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан айтышты.

Тартип бузган айдоочу  шаардык Билимбек Токтоназаров болуп чыкты. Милиционерлер протокол түзүшүп, ага машина айдап баратканда уюлдук түзүлүштү колдонууга болбой тургандыгын түшүндүрүштү.

Адегенде Токтоназаров укук сакчыларына видеону светофорго токтогондо көргөндүгүнө ынандырууга аракет кылды, а чындыгында мындай кылууга да тыюу салынган. Бирок, милициянын далилдерине каршы эч нерсе айта албады, себеби мурда жарыяланган видеодо маршрутканын жүрүп баратканы көрүнүп турат.

 -  Айдоочу “КР Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” Кодексинин “Транспорт каражаты жүрүп бара жатканда аталган транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан сүйлөшүүчү түзүлүштөрдү же байланыш каражаттарын колдонуу” деген 239-беренесине ылайык жазага тартылат, - деп маалымдашты ЖКККБдан. – Тартип бузган айдоочу жана маршруттун бригадири менен да алдын алуу маектешүүсү өткөрүлдү.

Бул беренеде 200 сом өлчөмүндөгү айып каралгандыгын белгилей кетели.

ЖКККБнын кызматкерлери   Facebookка тартип бузган айдоочу жана бригадир менен болгон баарлашуунун видеосун жарыялашты.



Зулайка Эркимбаева
Фото  WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх