Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Гаишник" ортон колун көрсөттү: Жаңжалдын чоо жайы (видео)

Айдоочу менен милиционердин ортосундагы жаңжал фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат

"Гаишник"  айдоочуга ортон колун көрсөтүп, артынан жеке автоунаа менен куугун уюштурган. Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү окуянын видеосун соцтармакка Safari жарандык активисттери жайылтышкан.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармасынын кызматкерлеринин жосунсуз жоруктары көрсөтүлгөн тасма тармактарда 2018-жылдын 1-августунда пайда болду. Бирок жаңжалдын себеби эч кимге белгисиз болчу.

Милиция кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерин уюлдук телефонго тартып жаткан айдоочу инспекторго уставга ылайык эмес иш кылганын айткан.

- Алар биздин артыбыздан куугун уюштурушту, - дейт кадрдын артындагы үн.
Жарандын өзүңүздү тааныштырыңыз деген суроосуна гаишник орой жооп берген, ошондон чатак башталды.



Vesti.kg сайты ИИМ ЖККМБ комментарий  кайрылды. Мекеменин пресс-катчысы Нурбек Токтосунов жетекчилик бул видеоматериалды карап жатат деп билдирди.

- Кызматкердин ким экендиги аныкталды, видеону болсо ЖККМБ жөнөтүштү. Толугураак кийин билдиребиз, - деп аяктады ал.
Орой кызматкерди кызматтан четтеттиби же жокпу деген суроого Токтосунов жооп бере алган жок.

Зулайка Эркимаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх