Москвада кыргызстандыктар катышкан массалык мушташ болуп өттү
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуянын чоо жайын түшүндүрөт
Кыргызстандын мигранттары катышкан массалык мушташ Москванын «Добрынинская» метросунда ишемби күнү болду. Бул туурасында орус ММК билдирет.
Жаңжалга 40 чамалуу киши катышкан, алардын көпчүлүгү таксисттер.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, эки киши катуу жабыр тарткан. Алтургай алардын бирөө өз алдынча ал жерден кеткенге да жарабай калган. Ал эми полициянын кийлигишүүсү тууралуу бир да маалымат жок.
Толук маалымат үчүн Vesti.kg сайты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылды.
- Азыркы тапта биздин консулдар баарын териштирип атышат, - деп билдирди элчиликтин пресс-кызматы.
Бакыт Стамов
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз