Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өспүрүм мылтык менен милиционерди атып салган (сүрөт)

Жаш ысык-көлдүктөр жаңжалды териштирүүгө келишкен, бирок укук коргоочулардын келишин күтүшкөн эмес

Балыкчыдагы жаш жигиттердин жаңжалы милиция кызматкерлери менен кагылышууга чейин барды. 20 жаштагы жаш жигиттер милициядан кутулуп кетүүгө аракет кылышып, кызматтык машинага таш ыргытышып, мылтыктан ок чыгарышкан.

Ысык-Көл облусунун ИИБ пресс-катчысы Сталбек Усубакунов Vesti.kg сайтына болгон окуя тууралуу төкпөй, чачпай айтып берди.

- Кечкурун саат 23:20 чамасында Балыкчынын күзөт бөлүмүнө бир көчөдө жаштар чогулуп, мылтыктын үнү угулду деп билдирүү келди, - дейт ал. - Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө жана шаардык милициянын мобилдик тобу жөнөп кетти. Алар 4-5 кишини кармашкан, экөөндө ок атуучу курал болгон.

Милициянын машинасы жакындаганда, жигиттердин бирөө ага каратып атып жиберген. Бактыга жараша ок бортко гана тийип, эч ким жабыркаган жок. Андан сырткары, жаш жигиттер укук коргоочуларга таш атышып, анан качып жөнөшкөн.

- Милиция кызматкерлери «КР ички иштер органдары тууралуу» мыйзамдын негизинде 15 беренеге ылайык, табелдик куралдан асманга карай ок чыгарышкан. Аларга колго түшүп, куралдарын тапшырууну сунушташкан, - дейт Усубакунов.
- Бирок жаштар баш бербей, ал жерден жашырынып кетип калууга аракет жасашкан. Алардын изи менен кууп, милиция  Шорбулак айылынын 20 жаштагы тургуну А. Даниярды жана анын теңтушу Балыкчылык У. Бакытты колго түшүрүштү. Экөөндө тең  «ИЖ-18ЕМ» мергенчинин мылтыктары болгон. Ар биринде мылтыктын үчтөн огу болгон.

Колго түшкөн балдар милицияларга кантип жаңжалды териштиргендерин айтып беришти. Алардын айтымында алардын бирөөн берки тараптагылар сабап салышкан.


Жаш жигиттер Балыкчы шаарынын ОВД ИВС киргизилишти. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

- Тартылып алынган мылтыктар Балыкчы шаарынын ОВД эсепте турбайт экен, - деп аяктады пресс-катчы. - Ок атуучу куралдардын ээлерин табуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, жаңжалдын башка катышуучуларын табуу аракети көрүлүүдө.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх