Бишкекте мурдагы эт комбинаты күйүп жатат. Өрттү таңкы саат бештен бери өчүрүп жатышат
- жолу 1104 кароо
Алдын ала белгилүү болгондой, жабырлануучулар жок
Бишкекте мурунку эт комбинатынын чатыры күйүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ӨКМ пресс-кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 4:53 келип түшкөн.
- Өрттү али өчүрүп бүтө элек, ал жерде 5 өрт өчүрүүчү эсеп иштеп жатат, - деп маалымдашты ӨКМнен.
Пресс-кызматындагылар алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок экендигин кошумчалап коюшту.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Загрузка...