Жалалабатта өспүрүм бийиктиги 60 метр болгон жардан кулап кетти
15 жашар өспүрүм каза болду. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, ал мисте терип жүргөн
Майлуу-Суу шаарынын өспүрүмү бийиктиги 60 метр болгон жардан кулап кетти. Бала ошол замат мүрт кетти. бул туурасында Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ пресс-кызматы билдиришти.
- 8-августта болжол менен саат 11:00 ал мисте терүүчүлөрдүн тобу менен Түлкү-Жар аймагына жөнөгөн, - деп билдирди милиция. - Анын денеси ата-энесине берилди. Ата-энелери бул факт боюнча арыз жазышкан жок. 
Өлгөн баланын ата-энеси анын денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыгын кошумча билдиришти. 
Зулайка Эркимбаева 
Сүрөт www 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
