Алайда жүк ташуучу машина 80 метр бийик жардан кулап кетти (сүрөт)
- жолу 957 кароо
Алган жараатынан айдоочу дароо мүрт кетти
Алай районунда жүк ташуучу машина бийиктиги 80 метр болгон жардан кулап түштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун УОБДД пресс-кызматы билдирди.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жол кырсыгы ушул жылдын 11-августунда тоокеништетүүчү ЖЧК «Перити Коал» компаниясынын карьеринде болгон.
Алай районунун Талды-Суу айылынын тургуну 1979-жылы туулган Ч.А. жумуш убактысында ролду башкара албай калган , - деп билдиришти милициядан. - Ал жараатынын айынан ошол эле жерде мүрт кетти. Бул факт боюнча тийешелүү экспертизалар дайындалды.
Ошондой эле Vesti.kg сайтына андагылар окуя болгон жерден сүрөт даярдап беришти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www