Катуу шамал жана куюн Нарында 7 үйдүн чатырын жулуп кетти (сүрөт)
Жабыр тарткандар жок. ӨКМ чыгымдардын суммасын эсептеп жатат
Куюн жана бороон Нарында 7 үйдүн чатырын жулуп кетти. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.
Мекеменин маалыматы боюнча, ӨК кечээ саат 12:00 күндүзү болгон.
- Шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрди түзүп, куюн болду, - дешет андагылар. - Ал жерде 8 куткаруучу жана Жарандык коргоо комиссиясы иштеди.
Куткаруучулар тургундарды коопсуз жайга алпарып жана сынган, бүлүнгөн нерселерди жыйнаштырышты.
ӨКМ окуя болгон жерден сүрөт жарылашты.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз