Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сания Шакированын өлүмү: Апасы соттун чечимине макул эмес

Аял жол кырсыгына күнөөлүүнүн бөгөт коюу чарасын катаалдантып берүүнү суранат

Каза болгон "дүйнө сулуусу" Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева Ысык-Көл облустук соттун чечимине макул эмес. Бул тууралуу ал бүгүн пресс-конференциянын жүрүшүндө айтты.

Мамбеталиеванын айтымында, аварияга күнөөкөр ролго мас абалында отурган.

- Аны 7-июнда райондук соттун чечими менен камакка алышкан, бирок 27-июнда облустук сот аны үй камагына чыгарып жиберди, - дейт ал. - Анткендеринин себеин анын ден соолугу, үй шарты жана анын 3 баласы бар экендиги менен байланыштырышат. Бирок сот Саниянын да 3 баласы бар экендигин эмнеге эске алган жок. Эмне үчүн бир жакты гшана карашат, ал эми экинчи жакты карашпайт. Бул туура эмес чечим деп эсептейм. Ал кылмыш кылды.
Андан сырткары, Насиба Мамбеталиеванын айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү мурда «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми каза болгондун үй бүлөсүнүн жактоочусу анын 2016-жылы эле айдоочулук укуктан ажыратылгандыгын билдирди.

Эске салсак, «Дүйнө сулуусу» Сания Шакирова ушул жылдын 3-июнунда жол кырсыгынан каза болгон. Ролдо 30 жаштагы К.Ч. болгон, кээ бир маалыматтар боюнча ал анын жигити болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх