Бишкек - Ош жолундагы кырсык: 10 жаштагы кыз каза болуп, 6 адам ооруканада (фото)
Айдоочу каршы тилкеге чыгып алган
Ош - Бишкек жолунда жол кырсыгы болуп, жыйынтыгында 10 жаштагы кыз каза болуп калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош олбусунун УОБДД пресс-кызматы билдирди. 
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, авария Кара-Суу районунда кечээ саат 8:00 болгон. Жол кырсыгына күнөөлүү таксинин айдоочусу, ал каршы тилкеге чыгып, алдындагы машинадан озом деген.
- Оштун 26 жаштагы тургуну Ж.Б. өзүнүн «Хонда Стэпвагон» маркасындагы автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып, башкара албай калып «ДЭУ Матиз» автоунаасы менен кагышкан. Анын ролунда 31 жаштагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жашоочусу Х.К. болгон, - деп айтышты милициядан.

«ДЭУ Матиз» автоунаасынын 10 жашар жүргүнчү кызы каза болуп калды. Андан сырткары 6 киши ар түрдүү жаракаттары менен ооруканага жаткырылды. 
Бул факт боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. 
Зулайка Эркимбаева 
Сүрөт www 
