Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чиновниктер баланы 5-кабаттан сунган кишини издеп жатышат

Укук коргоочулар жана социалдык кызматтын өкүлдөрү көрсөтүлгөн даректи көздөй жөнөп кетишти

Бишкекте 5-кабаттын терезесинен эмчектеги баланы сунуп ойногон кишини издеп жатышат. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын пресс-кызматы билдирди.          

Мекеменин маалыматы боюнча, адистер көрсөтүлгөн даректи көздөй жөнөп кетишти.

- Жашы жете элек балдардын укугун коргоо маселеси ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү видеодогу аты жөнү такталган эркектин дарегин көздөй чыгып кетишти, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал кишиге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрү белгиленди.

Эске салсак, мурдараак  Vesti.kg сайтына Instagramдагы видеодо бир эркек терезеден баланы чыгарып алып ары-бери кылып жаткандыгын жазышкан эле.

Окуянын күбөлөрү бул нерсе Герцен көчөсүнүн 49-үйүндө болгондугун айтышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх