Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аял жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүгө аракет кылган. Аны машина сүзүп, мүрт кетти (фото)

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда дене дүркүрөткөн авария болду

Нарын облусунда жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам берип жаткан башка аял каза болду.

УОБДД пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, Audi маркасындагы автоунаа бүгүн таңкы саат 5:00 комбайнды сүзүп алган. Окуя Бишкек-нарын-Торугарт автожолунун 246-километринде болгон.
 
- Жол кырсыгы болгон жерге  Volkswagen Passat токтоп жардам берейин деген, - дейт милиция. - Volkswagen деги жүргүнчү аял  Audi нин айдоочусун алып чыгып жатканда, аны катуу ылдамдыкта келе жаткан Vito автоунаасы уруп кетти. Экөө тең мүрт кетти.


Укук коргоочулардын маалыматына караганда, адамдарды сүзгөн соң Vito автоунаасы Audi ни барып сүзгөн.

Audi деги эки жүргүнчү аркандай жаракат алып ооруканага жаткырылды.

- Бул факт боюнча иликтөө иштери башталды, - деп бүтүрдү УОБДД.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх