Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиялык аскер Кантта балалуу аялды сүзүп кеткен

Аял ооруканага жетпей жолдо үзүлдү. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги каза болгон аялдын үй бүлөсүнө жардам беребиз деп билдирди

«Канттагы» орусиялык авиабазанын аскер кызматкери балалуу аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Чүй облустук УОБДД маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, аял ооруканага жетпей жолдо каза болду.

- Машина «Канттагы» авиабазага таандык, номуру Орусияныкы. Кырсык 27-август күнү саат 00:30 болду. Колундагы баласы 3-балдар ооруканасына жеткирилди, - деп билдирди милициядан.

Ал ортодо «РИА Новости» орусиялык маалымат агенттиги бул маселе Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин көзөмөлүндө турат деп билдирди.
       
Орус элчилигин маалымат кызматынын өкүлү Виктор Харченко басылмаларга «Канттагы» аскер кызматкерлери ал үй бүлөгө материалдык жардам көрсөтөт деп айтты.

- Факт ушундай болду. Биз алгач каза болгондун туугандарына терең кайгыруубузду билдиребиз. Бул маселе боюнча биздин элчилик силердин бийлик менен тыгыз байланышту болуп бул маселени карап жатышат, - деп билдирди ал.  - Авиабазанын аскер кызматкерлери материалдык жардам көрсөтүшөт деди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх