Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЦУМдагы кишинин өлүмү: Аны сатуучу урган, ага кылмыш иши козголду

Милиция шектүүнү издеп жатат. Камерадага видеокөзөмөлдүн тасмалары каралып жатат

«Айчүрөк» соода борборунун жер кабатында өлгөн кишини сатуучу урган деген божомол бар. Бул факт боюнча милиция КР КК «Денеге өлүмгө алып келүүчү жаракат келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер Башкармасынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

- Соттук-медициналык экспертизанын биринчи кароосунда кишинин денесинде шишик аныкталган. Учурда шектүүнү кармоо үчүн ыкчам-издөө иш чаралары көрүлүп жатат. Күбөлөр суракка алынып, видеокөзөмөлдөр каралып жатат, - деп билдирди ал.

Эске салсак, окуя кечээ саат 11:00 чамасында болгон.  

Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлиги мурда билдиргендей денени союп изилдөөнү бүгүн кылышат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх