Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын депутаты адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып жатат

Эл өкүлүнө мамлекеттик издөө салуу жарыяланды

Токмок шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты Тынай Жансеитовго мамлекеттик издөө салуу жарыяланды. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ШИИБи билдирди.

- Жансеитовго КР КК 28-97 беренеси (Өлтүрүүгө аракет кылуу) менен айып тагылды жана сыртынан камакка алуу тууралуу бөгөт коюу чарасы көрүлдү, - деп билдирди милициядан.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты 28-августта Токмоктун мал базарында 36 жаштагы Жамангулов Талантбектин бычак жегендигин жазган болчу. Кийинчерээк жабырлануучу аны жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансеитов бычактагандыгын айтып берген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх