Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Машинада уктап калган жол кыймылынын коопсуздугунун сакчыларын жазалашат, бирок уктап калгандыктары үчүн эмес (видео)

Видеого тартылган инспекторлор өз түшүнүк каттарында эс алууга башка мүмкүнчүлүк болбогондугун көрсөтүшкөн

Уктап жатканда видеого тартылып калган маичилерди жазага тартышат. Аларга карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБдин УОБДДсы билдирди.

- Видеодо көрсөтүлгөн кызматкерлер өз түшүнүк каттарында көп убакыт бою иштеп, эс алууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыгын жазышкан, - деп билдирди мекемедегилер. Бирок алар жолго токтоп алышкан. Бул үчүн аларды жазалашат. Кандай жаза колдонулаары азырынча белгисиз, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт.

Түшүндүрө кетели, соцтармактарда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жолдо уктап калгандыгы тууралуу видео таркап кеткен. Комментарийлерде тармактан колдонуучулардын пикирлери ар кандай болду: кээ бирлери буларды туура түшүнүү керек, ДКОго байланыштуу иш чара көп болуп чарчашты дешсе, айрымдары жазага тартуу керек деп чыгышты.

Вероника Малышева
Сүрөт www
 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх