Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП Атамбаев сатып алды деген жер боюнча УКМК түшүндүрүүнү талап кылат

Партиядагылар ал жер дагы эле чекисттердин көзөмөлүндө тураарын жана 9-кызматтын начальниги бул аймакты жакында эле кыдырып чыккандыгын билдирет

УКМК Кой-Таш айылында жайгашкан мекеменин жеринин жеке адамдарга сатылгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды ММК таркаткандыгы үчүн түшүндүрмө бериши керек. Бул тууралуу КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«КСДП лидери Алмазбек Атамбаев сатып алды деген Кой-Таштагы жер анын үйүнүн жанында жайгашкан,  аны сатып алды дегени жалган маалымат. Биздин билишибизче Кой-Таштагы жер дагы эле УКМК көзөмөлүндө турат жана жакында эле ал жакка Тогузунчу кызматтын начальниги барып, кыдырып келди. Атамбаевге да, анын туугандарына да ал жердин тийешеси жок. Бул жалган маалыматты таркатуу коомчулукту адаштырат деп расмий билдиребиз», - деди Жолдубаева.

КСДП пресс-кызматы
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх