Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Полицияны өлтүргөн деп шектелип жаткан Кыргызстандын жаранынын психикасы жабыркаган

Кээ бир маалыматтар боюнча, Москвада кармалган киши Баткен окуясынын катышуучусу

Москванын метросунун «Курская» станциясында полицияны өлтүрдү деп шектелип кармалган 42 жаштагы Нурлан Муратов  mk.ru агентствосунун билдиргенине карганда, Кыргызстандагы согуштук аракеттерге катышып, башынан жаракат алган. Ошого байланыштуу психикасынан жабыркаган.

Сентябрдын 2синен 3үнө караган түнү «Курская» айланма станциясында полиция кызматкери Андрей Райский  документин текшерүү үчүн Муратовду токтоткон. Андрейдин кызмат өтөп бүтүшүнө 3 күн калган болчу, ал рапорт да жазып койгон эле. Ажатканага кирип чыгайын деп суранып, Райскийди өзүнүн - Макаров пистолети менен - башка атып өлтүргөн да метрого түшүп кетип калган. Эртең менен шектүүнү кармашты: ал суракта «өзүмдү өзүм коргодум» деди.

ММКнын маалыматы боюнча, полицияны өлтүрдү делген шектүү мекенинде аскердик даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышкан. 42 жаштагы Нурлан Муратов Кыргызстандын Ош облусунан болот. Баткен окуясындагы согуштук аракеттерге 1999-2000 жылдары катышкан (Өзбекстандын ислам кыймылынын согушкерлери менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кагылышта).

Ал өз ата-мекени тарабында согушуп, башынан жаракат алган. Ошондон улам анын психикасы жабыркаган, кээ бир учурда дарыгерлердин жардамына алчуу. Мындан 7 жыл илгери Нурлан Муратов аялы, балдары болуп Москвага көчүп келишкен. Ал эми жарандыкты жана паспортту Оренбургдан - 2010-жылы сентябрда алган. Ар кандай жумуштарда иштеп Кыргызстанда калган ата-энесине жардам берип, үй бүлөсүн баккан.

mk.ru
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх