Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчөдө уктап калган милиционерлер: ИИМ окуянын качан болгондугун тактады (видео)

Кызматтык иликтөө жакында бүтөт

Көчөдө уктап калган милиционерлердин иши тууралуу кызматтык иликтөө аягына чыгып калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, бул окуя быйыл жазда болгон.

- Видео окуянын күбөсү тарабынан ушул жылдын апрель айында тартылып алынган. Жакында кызматтык иликтөөнүн корутундусу чыгат, андан соң иштин чоо жайын маалымдайбыз, - деп жооп беришти ИИМдегилер.
Мурдарааак Кыргызстандын Спутник сайты бул видеону жарыялап чыккан болчу, тасмадан милиция кийимин кийген киши көчөдө уктап жаткандыгын көрүүгө болот.

Анын жанында бишкектик номери бар автоунаа токтотулуп турган. ИИМ азырынча бул окуянын кайда болгондугун жана кайда тартылгандыгын билдире элек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www  




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх