Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москавада күйөрмандардын жоон тобун автоунаасы менен сүзүп кеткен кыргыз жаранын акташы мүмкүн

ЖК депутаттары жана укук коргоочулар Чыңгыз Анарбек уулуна сунуш жазышты. Эң эле болбоду дегенде таксистти шарттуу түрдө жазасын өтөө күтүп турат

Кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун актап чыгарышы мүмкүн. Бул туурасында Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда жактоочулар документтерди даярдап, аппеляциялык арыз беришти.

- Биз Жогорку Кеңештин, Кыргызстандын Омбудсмен институтунун жана ар кандай фонддордун атынан Чыңгызга сунуш кат даярдадык. Андан сырткары, бардык жабырлануучуларга моралдык жана материалдык жардам көрсөттүк. Бир гана киши калды, анын менен сүйлөшүп жатабыз, - дейт Молдокматов.

Кийинки соттук отурум 2018-жылдын болоору билдирилди. Жеңиш Молдокматов Vesti.kg сайты менен болгон маекте Чыңгыздын туугандары алар менен кошо акталуу өкүмүн күтүп жатышкандыктарын белгилеп өттү.

- Биз аны актайт деп ишенебиз, аны мекенге алып келебиз. Эч болбосо шарттуу түрдө жаза өтөсүн, биз ага деле макулбуз, - деп саясий партиянын жетекчиси.

Эске сала кетели, жол кырсыгы 2018-жылы 16-июнда Москвада болгон. Таксист Чыңгыз Анарбек уулу ролду башкара албай калып, футбол фанаттарын сүзүп кеткен.

Ал ушул жылдын 16-августуна чейин камаккка алынган. кийинчерээк камакты 2 айга узартышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх