Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соода борборундагы кардарды өлтүргөнгө шектүү сатуучу 1-тергөө абагына киргизилди

25 жаштагы жигит эки айга камакка алынды

«Айчүрөк» соода борборунун сатуучусу 45 жаштагы кардарды уруп өлтүргөндүгү үчүн эки айга 1-тергөө абагына  киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

- Чечим Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынган. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, - деп билдирди Оморов.

Эске салсак, 28-августта Бишкектин соода борборунда балекет баскан окуя болду. Телефон сатуучу менен кардар кишинин ортосунда жаңжал чыгып, жаш жигит кардарга бир нече ирет сокку берген. Мушташтын жыйынтыгында 45 жаштагы жаран көз жумган.

Бул факт боюнча КР КЖК «өлтүрүү максатында денеге жаракат келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх