Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кырчында Британ аскердик атташесинин фотоаппарат, видеокамера жана башка нерселерин уурдап кетишти

Элчиликтин өкүлү боз үйдүн кайтарылбаган аймакта тигилгенин билип туруп, кароосуз таштап кеткен

Кечээ Кырчын капчыгайындагы боз үйдөн Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин аскердик атташесинин фото жана видео аппараттарын, ошондой эле жеке буюмдарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, кандайдыр бир киши үй бүлөсү менен келип кароосуз калган боз үйдү талкалап кеткен. Андан сырткары ал 4-сентябрь күнү буюмдарын кароосуз таштап жана автомобилин ачык калтырып спорттук жана маданий иш чараларды көрүүгө кетип калган.

- Ал боз үйдү этношаарчадан 100 метр алыстыкта, башкача айтканда кайтарылбаган аймакка тиккен, - деп белгиледи Усубакунов. - Бул тууралуу милиция кызматкерлери ага эскерткен болчу. Этношаарчага көч, жок дегенде автомобилдер токтоочу жайга жакын тик үйүңдү дешкен. Бирок ал таптакыр баш тартып койгон. Үйүн таштап кеткенде уурулук болгон. Машинадан сумканы алып кетишкен, бирок 50 метр ары алып барып таштап кетишкен. Анда баланын кийимдери бар болчу.

Уурулук тууралуу арыз кечээ түшкөн. Бул факт боюнча КР КК 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигин маалымат кызматы билдирет.
- ИИМ жетекчилиги уурулук фактысын жеке көзөмөлдөөсүнө алды, - деп билдирди мекемеден.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх