Россиялык аскердин күнөөсү менен болгон жолдогу өлүм: РФ Аскер прокуратурасы иш козгоду
Учурда кайсы мекеме иликтөөнү алып бараары чечилип жатат
«Кант» авиабазасындагы россиялык аскердин күнөөсү менен болгон жол кырсыгындагы өлүм тууралуу РФ Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй облусттук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн начальниги Алмаз Кыязов билдирди.
-Автокырсык тууралуу кылмыш иши Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Андан сырткары, Россия Федерциясынын Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Күнөөкөрдүн элчилик иммунитети бардыгына байланыштуу азыр тергөөнү кайсы мекеме алып бараары тууралуу маселе каралып жатат, - деп маалымдады ал.
Эске салсак, 27-августта, кечкурун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери баласы менен аялды машина менен тебелетип кеткен. Алган жараатынан аял ооруканага жетпей жан берген. уулу болчо оор абалда ооруканага жаткырылды.
Бул факт боюнча Кыргызстандын тергөө органдары 281-берене боюнча «Трнаспорт каражаттарын колдонуу жана коопсуздук эрежелерин бузуу» кылмыш ишин козгогон.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www