Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Саляновду өлтүргөнгө шектүүнүн жактоочусу УКМКда анын коргогон адамын урган жок деп билдирди

Бул чуулгандуу иштин катышуучусу эмне үчүн сотко келбегендигин соттолуучунун жактоочусу түшүндүрдү

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-баш прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан сот жараяны болуш керек эле.
Бирок сотту 20-сентябрга жылдырышты , анткени сот залына соттолуучу эрмек Осмонкуловду алып келишкен жок.
Коштоочулар жактоочу Осмонкуловго аларга соттолуучуну 1-тергөө абагынан алып кеткиле деген, ал болсо УКМКнын тергөө абагында экен деп билдирди.

Ал ортодо ММКларда сот залында Эрмек Осмонкуловдун туугандары ал УКМКнын тергөө абагында сабалган ошондуктан жашырып жатышат деп билдиришкендигин жазып чыгышты.

Vesti.kg сайты Осмонкуловдун жактоочусу Кулманбет Абдраимов менен байланышка чыкты. Юрист бүгүн тергөө абагына коргоого алган адамына кирип чыккандыгын билдирди.

- Процесске аны катчылыктын күнөөсү боюнча алып келбей калышты, алар конвоирди 1-тергөө абагына жиберип ийишкен. Мен бүгүн Эрмек Осмонкуловго кирип чыктым. Эч кандай урган тактарды байкаган жокмун. Ал жердеги камактын шартына даттанган жок, таркаган маалымат чындыкка коошпойт, -деди ал.

Эске салсак, Улан Салянов 2017-жылы 5-ноябрда өзүнүн үйүндө өлтүрүлгөн.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх