Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионун өлтүргөнгө шектүү адам кармалды (сүрөт)

Спортчуну бычактаган кылмышкер болжол менен өз курмандыгын мурда тааныган

Кыргызстандын күжүрмөн самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбековду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Белгилүү болгондой, бул кылмышка шектүү деп эсептелген 1985-жылы туулган Б.А. Жалал-Абат облусунун Сузак районунун тургуну.



Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда спортчу менен анын таанышынын ортосунда жеке чыр болгон, анын натыйжасында Бекзат Жаныбеков бычактан жараат алып жана ошол эле жерде көз жумган.

Окуя 3-сентябрь күнү Бишкекте болгон. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Каза болгон спортчу 28 жашта эле. Аны 4-сентябрда Сузак райинунда жерге беришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх