Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Молдавановка» абагына баңгизат ыргытканга аракет кылып жаткан милиция кызматкери кармалды

Бул Бишкектин  РИИБнүн кызматкерин былтыртан бери издеп жүрүшкөн болчу

2017-жылы 16-декабрда №27 колониянын ичине  эки бала тыюу салынган нерселерди ыргытууга аракет кылышкан. Окуя Чүй областынын Аламүдүн районунун Молдавановка айылында болгон. Алардын бири кармалып, экинчиси качып кеткен.

Тартылып алынган баңгизаттарынын жалпы салмагы 189, 67 грамм болгон. Марихуана деп аталчу маңзат экендигин Мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат аныктаган. бул факт боюнча КР КК 247 беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө ЖАМК тегөө башкармалыгы 2018-жылдын 10-августунда 1984-жылы туулган Н.К.Ж. кармаган, ал Бишкектеги  бир райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экендиги аныкталды.

Учурда иш соттук териштирүүгү жиберилди.

ЖАМК маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх