Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин төрөт үйүндөгү бала сатуу: кылмыш иши козголду

Медиктерди кармоо эки бөлүк менен жүргүзүлдү

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды саткан төрөткананын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат катчысынын орун басары Карима Аманкулова билдирди.

Анын айтымында, төрөт үйүнүн аталышы тергөөгө байланыштуу азыр жашырылып жатат.

- Колго түшүрүү эки бөлүктөн турду, бул факт боюнча кылмыш иши козголду. КР КК 124 беренеси (адамдарды соодалоо). Тергөө иш чаралары көрүлүп жатат, - деп маалымдады ал.

Мурда ММКда укук коргоо органдарындагы өздүк булактары аркылуу борбор шаардын төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен кызматкери бала саткан фактысы  менен кармалгандыгын билдиришкен болчу.
Алардын маалыматы боюнча, дарыгерлер баланын ата-энесине балаңар чарчап калды деп айтышкан.

Ошондой эле, кармалган учурда медиктердин машинасынан балдардын жансыз денелери табылган. Чамасы аборт кылынгандар окшойт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх