Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерлери кишинин техпаспортун тартып алып жана сөгүштү (видео)

Прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Жаңжалдуу тартип сакчылары ал арада кызмат өтөөнү улантып жатышат

Кадамжай шаарынын тургуну Азамат исманов фейсбук соцтармагына жергиликтүү милиция кызматкери менен болгон окуя тууралуу айтып берди.

«23-августта мен өз автоунаамдын ичинде отурсам, менин жаныма «Субару форестер» келип токтоп андан төрт киши чыкты. Мага келип тереземди тыкылдатышты, мага орой түрдө чык машинадан деп кайрылышты. Алардын бири менин техпаспортумду сурап, өзүн кылмыш иликтөө кызматкеримин деп тааныштырды.  Фамилиясы менин эсимде калган жок, бирок аты Алихан болчу. Мен кандай себеп менен паспортумду сурап жатышкандыктарын сурадым. Кийинчерээк дүкөнгө кирдик, маегибиз ошол жерде уланды. Баары бир мен аларга техпаспортумду көрсөтүүнү эп көрдүм, булардан батыраак кутулгум келди. Мен алардан эмнеге шектенип жаткандарын сурадым.  Ушул жерден Кадамжай райондук кылмыш иликтөө кызматынын начальниги Тынчтык кепке аралашты. Ал өзүн хан сыяктуу алып жүрдү: магазиндин ээсинин документтерин талап кылды жана ал аялга күч да колдонуп жиберди», - деп жазат автор.

Исмановдун сөзүнө караганда, ал техпаспортун көрсөттү, бирок Алихан кайра кайрылып келди. Ага да ыраазы болбой машинанын номерин чыгара баштады.

«Дүкөндөн анча алыс эмес жерде досум жашайт, мен ага кирдим, - деп улантат Исманов. - Бирок тигилер мени ээрчип алышты. Алар көчөдөн туруп алып мени чакыра башташты, менин чыккым келген жок. Алар менин досумду чакырып алышып, мени чыгарып бер деп талап кыла башташты. Кандайдыр бир жол менен менин телефон номеримди алышып чала башташты. Бул милиция кызматкерлери айбан сыяктуу өздөрүн алып жүрүшүп, сөгүнө да башташты. Мен эртең менен машинамды прокуратурага айдап барып арыз жаздым».


(Эскертүү сөгүнгөн сөздөр бар)



Баткен ИИБнен  Vesti.kg сайтына бул окуя аларга маалым экендигин билдиришти.

- Ооба, чындыгында алар Кадамжай РИИБ кызматкерлери Алихан Нарынбаев менен Тынчтык Абдиевдер борлчу дешти. - Бул ишти прокуратура иликтеп жатат. Иликтөө бүтө элек, ошондуктан тиги экөө иштерин улантып жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх