Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ордо калаада сынган колун кесип салгандан кийин, 8 жашар кыз көз жумду

Мурда Ысык-Көл бириккен ооруканасынын дарыгерлери кыздын колуна гипс салып, үйүнө жөнөтүшкөн. Медиктердин иш аракетине баа берүү боюнча комиссия түзүлдү

Бишкектин эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда 8 жаштагы кыздын колун кесип салган соң ал каза болуп калды. бул туурасында Vesti.kg сайтына ЭжБКУБ директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

- Кыз колун сындырып алган, экинчи күнү чоң энеси  Чолпон-Атага ооруканага алып келди, дарыгерлер ал жерден ага гипс салып беришкен, - деп түшүндүрдү ал. -

Жабыркаган кызды үйүнө жиберип, беш күндөн кийин келгиле дешкен. Бирок кыздын колу гангрена болуп кеткен. бизге аны оор абалда алып келишти. Хирургдар колун ампутация кылып операция жасашты, бирок кыздын жүрөгү муну көтөрө албады. Бүгүн түнү каза болуп калды. Биз мүмкүн болгон нерсенин баарын жасадык.

Камчыбек Аскарович кыздын ата-энеси Москвада экендигин, ал чоң энеси менен жашагандыгын белгилеп кетти.

- Саламаттык сактоо Министрлигинде Чолпон-Атадагы дарыгерлердин иш-аракетине баа берүү боюнча комиссия түзүлдү, - деп аяктады ЭжБКУБ директору.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх