Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунун прокурорунун орун басары өзүн өзү асып алды: Анын аркасында 5 баласы калды

Милиция Төрө Кожошев чындап эле өзүн өзү аскандыгын аныктайт

Ош облусунун прокурорунун орун басарынын өлүмү фактысы боюнча текшерүү болот. Учурда милиция Төрө Кожошевдин чындап эле өзүн аскандыгын аныктап жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

- Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалды. Ошонун жыйынтыгына карап корутунду чыгат, - деп айтышты мекемедегилер.

Төрө Кожошев өз үйүндө асылган абалда эртең менен табылды.

Каза болгон прокурор 54 жашта эле. анын аркасында 5 баласы калды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх