Бишкек ЖЭБ авариясындагы кылмыш ишинин фактыларынын көбү аныкталды
Коопсуздук Кеңешинин катчысы бул чуулгандуу ишти иликтөө бир айдын ичинде аягына чыгат деп билдирди
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйыны өтөөрдүн алдында Сагынбаев президенттин укук коргоо органдары менен акыркы жоолугушуусундагы сөзүн келтирди: «Мамлекетке ким зыян келтирсе, анын кимдигине карабай жащага тартылат».
Төмөндөгү коопсуздук Кеңешинин катчысынын сүйлөгөн сөздөрүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз:
«Сиздерге белгилүү болгондой, коопсуздук Кеңешинин Чечими чоң, өзүнө соттук, көзөмөлдүк иш чараларды жана республикалык укук коргоо системасын камтыйт. Улам кайталай бербөө үчүн мен кээ бирине гана токтолоюн. Кылмыштардын, коррупциялык иштери үчүн соттолгон кызматкерлердин тизмеси:
Мен мурда өзүңүздөргө маалымдагандай 2019-жылы 1- январдан тартып кылмыштардын Бирдиктүү электрондук системасы киргизилет.
Учурда бул системаны ишке киргизүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат.
Коомчулук жана биздин жарандар ар бир кылмыш процесстерин жана ага карата жазылган арыздардын каралышын көрүп турушат.
Эми көзөмөлдөө органдары жана укук коргоо органдары кылмышкерди калкалоодон мурун баштары болсо он жолу ойлонушат. Анткени бул кылмыш ишин коомчулук төрт көздөп карап турат.
Бул багытта бирдиктүү базаны түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жакынкы убакта мурдагы чиновниктердин кандай коррупциялык иштерди кылгандыгын көрүп турат».
«Бишкек ЖЭБди модернизациялоо»:
Учурда улуттук коопсуздук органы тарабынан 5 кылмыш иши иликтенип жатат, ал иштер ЖЭБге байланыштуу.
Бул кылмыш иштери товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу козгллгон кылмыш иштери. Иликтөөнүн алкагында Кыргызстандын бир катар чо кызматтагы адамдары кармалган. Алардын айрымдарына коррупция боюнча айып тагылган. Бардык айыпталуучулар соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагында жатат.
Иликтөө иштеринин алкагында учурда тийешелүү экспертизалар жана аудитордук текшерүүлөр дайындалган. Башка да иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.
Бул жерде эң чоң коррупциялык схема аныкталып, миллиарддаган суммалар тууралуу кеп болуп жатат. Иш жүзүндө көпчүлүк фактылар аныкталды. Иликтөө бир айдан соң аягына чыгат.
Сүрөт www