Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Уурдалган деп изделип жаткан 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин (ТЭЦ) 30% гана жаңыланган

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети кезектеги жыйналышын Бишкек ЖЭБде (ТЭЦ) өткөрдү

Күндүзгү саат экиге деп чакырылган депутаттар өздөрү кечигип келишти.Жыйынга массалык маалымат каражаттары чакырылганы менен депутаттар аралаган цехке барууга журналисттерге уруксат берилген жок. Бишкек ЖЭБди кыдырып келген депутаттар чоң залда жыйынды улантышты. Биринчи Вице-Премьер министр Кубатбек Бороновдун кыска докладынан кийин эле депутаттар суроо-жоопко өтүштү.

Эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча тендер өткөрүүдө жобону ким жазып иштеп чыкканына кызыгышты. Жылуулук энергия борборунун жаңыланган 30 пайыз имаратында химиялык суу тазалагычтын салынбаганы ачыкка чыкты.Ал боюнча тендер жарыяланганы менен утуп чыккан компания суу тазалоочу цехти куруудан баш тарткан.Депутаттар бул маселенин юридикалык жагын башкы прокуратурадан келген өкүлдөр менен кеңешишти.
2017-жылдын 26-январь күнү Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам кызматтан кеткен Өмүркул уулу Нурландын ордуна 3-февралда Андрей Воропаев дайындалган. Ал депуттардын суроолоруна жооп берип жатып, 57 жылдан бери бир да авария болбогондугун айтты. «57 жылдан бери былтыры гана ЖЭБте авария болду. Быйыл ЖЭБдин эски станциясы кышка даяр»-деди Андрей Воропаев.

Отун энергетика боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев ЖЭБдеги ар бир суу жылыткан казандардын ремонтуна акыркы 15 жылда канча каражат кеткенине кызыгып, бул боюнча Воропаевтен отчет күтөөрүн айтты. Жыйынга катышкан депутаттар модернизацияланган жаңы станциянын эски имаратынан чыккан металлдардын кайда кетип жатканын сурашты. Андрей Воропаев жалпы жонунан 13 миң тонна кара металл чыкканын айтып, бул маселеге байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

Мындан сырткары Кытайдын ТВЕА компаниясы Датка-Кемин подстанциясына техника алуу үчүн жана аны иштетүүгө деп 2 миллион доллар бөлгөнү маалым болду. Кара-Кеченин техникалык экономикалык негиздерин эсептеп чыгуу үчүн деп дагы 3 миллион доллар берилгени айтылды.Депутаттар бул каражаттар кайда кеткенине кызыгышты. Коюлган бул маселелер боюнча кат жүзүндө отчет берилээри маалым болду. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өкүлдөрү депутаттардын «Бишкек ЖЭБин канча жолу текшерип, канча жолу акт жаздыңар» деген суроосуна жооп бере алышкан жок. Аларга да кат жүзүндө отчет жазып келүүсү тапшырылды.

Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кез.Ага байланыштуу Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүп жатыптыр. Ал иштер аягына чыга электиги айтылды.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх