Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темир Сариев: Менин жашыра турган эч нерсем жок, бардык суроолорго жооп берем

Депутат ЖЭБ дагы аварияны иликөө боюнча комиссиянын отчётунда көрсөтүлгөн бардык аты аталгандарды, мурунку премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырууну талап кылды

Депутат Рыскелди Момбеков ЖЭБ дагы аварияны иликтөө боюнча комиссиянын отчётунда көрсөтүлгөн бардык аты аталгандарды, мурунку премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырууну талап кылат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди.

ЖК аппаратынын өкүлдөрү эгерде премьер-министрлердин катыштыгы бар болсо, сөзсүз чакырабыз деп убада кылышты. Анткени менен парламент депутаттык комиссиянын отчётун мурунку өкмөт башчылардын катышуусусуз карай баштады.

  Депутат ЖЭБ дагы аварияны иликтөө боюнча комиссиянын отчётунда көрсөтүлгөн бардык аты аталгандарды, мурунку премьер-министрлерди Жогорку Кеңешке чакырууну талап кылды

Ал арада Vesti.kg сайтына мурунку премьерлерди бири Темир Сариев аны парламентке чакырышпагандыгын билдирди.

- Эгерде чакырышса сөзсүз бармакмын, - дейт Темир Аргембаевич.  - Менин жашыра турган эч нерсем жок, бардык суроолоруна жооп берем. Анын үстүнө депутаттык комиссиянын отурумунда болуп, кызыккан суроолоруна жооп бергем.

Мындан мурдараак экс-премьер-министр Темир Сариев, Бишкек ЖЭБ дагы аварияда менин күнөөм жок деп Vesti.kg сайтына билдиргенин эсиңиздерге салабыз.
- Мен комиссиянын отурумунда өз оюмду толугу менен айттым, - деген эле ал. - Реконструкцияны бир жыл мурда, 2017-жылы башташкан. Мен болсо 2016-жылы отставкага кеткенимди баарыңар  билесиңер. Реконструкция мен кеткенден кийин башталган.


Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх