Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскер комиссариатындагы колго түшүрүү. Аскер комиссариатынын жетекчисинин орун басары пара менен кармалды (видео)

Аялдан 25 миң сом пара алган. Бербесе баласын аскерге чакырабыз деп коркутушкан

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча  Мамлекеттик кызматына  10-сентябрь күнү «В.К.» аттуу аял арыз менен кайрылды. Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери кызмат абалдарынан пайдаланып андан 25 миң сом талап кылышкан. бербесе уулун аскерге чакырабыз дешип коркутушкан, бирок анын уулу аскер кызматына жараксыз болчу.

ЭКККМК чогулткан материалдарга ылайык Аскер прокуратурасы КР КК 304 беренеси 2 б. ( кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси 2 б. (коркутуп акча талап кылуу) менен кылмыш ишин козгоду.

12-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында ЭКККМК кызматкерлери кабинетинен пара алып жаткан жеринен Ысык-Ата райондук аскердик комиссариаттын жетекчисинин орун басары «Б.Д.» аттуу жаранды кармап алышты.

ЭКККМК маалымат кызматы
Сүрөт www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх