Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолундагы» жаңжал. Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Текшергенде дээрлик 3 миң билетсиз жүргүнчүлөр аныкталды. Мамлекеттик ишкананын кассасына 2 миллиондон ашык сом түшпөй калган

Кыргыз транспорт прокуратурасы КР КК 221 бер. «Коммерциялык жана башка ишканлардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу» жана 177 бер. «Ишеничке кирип алдоо жолу менен мамлекетке мүлктүк зыян келтирүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

«Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлеринин кызмат абалынан ашыра пайдаланган фактысы боюнча кылмыш иши козголду.  

УКМКнын ККК менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүдө 1-январдан 30-апрелге чейинки убакытта Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Новокузнецк-Бишкек жана Бишкек-Казань-Бишкек  алыскы каттамындагы поезддердин 67 жүргүнчү сапарлары болгон. Ошонун баарына болгону 4868 гана жүргүнчүгө билет сатылган.

«Кайыңды-темир жол»  чегара өткөрмө пунктун кесип өткөн жүргүнчүлөрдүн санын текшергенде, билети жок жүргүнчүлөрдүн саны 2874 түзгөн.

Ошентип, минималдуу баасы 922 сом болгон  билеттер сатылбай, жыйынтыгында кассага кириштелбей калган акчанын суммасы 2 миллион 649 миң 828 сомду түзүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Андан сырткары, Кыргыз транспорт прокуратурасы ушуга окшогон дагы бир факт боюнча кылмыш ишин козгоп, анын зыян келтирген суммасы 1 миллион 344 миң сом болгон.

Учурда козголгон кылмыш иштери иликтөө стадиясында турат.

Сүрөт www
 


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх