Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каза болгон «Дүйнө сулуусу» Сания Шакированын жигитин 10 жылга эркинен ажыратышты

Андан сырткары ал жигит моралдык зыян тарткандарга 2 миллион сом  төлөдү

«Дүйнө сулуусу» Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү Чыңгыз Кондубаевди 10 жылга эркинен ажыратышты, 3 жыл тарнспорт каражатын колдонуугу акысы жок. Андан сырткары жабыр тарткан тараптын үй бүлөсүнө 2 миллион сом төлөйт.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттон билдиришти.

- Кылмыш ишинин материалдарын карап көрүп, сот Кондубаевди бир нече берене менен айыптады, - деди КР ЖС. - Жаза өтөө мөөнөтү 2-18-жылдын 6-июнунан башталат. Кондубаевге карата бөгөт коюу чарасы мурункудай эле калтырылды. Насипа Мамбеталиеванын моралдык чыгым төлөтүү тууралуу доосу канааттандырылды. Кондубаевден Мамбеталиеванын пайдасына 2 миллион сом өлчөмүндө моралдык чыгым үчүн өндүрүлүп берилди.

Өкүмгө карата 10 күндүн ичинде Ысык-Көл облустук сотуна арызданууга болот.

Эске сала кетели, жол кырсыгынын айынан  «Дүйнө сулуусу» Сания Шакирова ушул жылдын 3-июнунда каза болгон. Автоунаанын ролунда 30 жаштагы Чыңгыз Кондубаев болгон. Кээ бир маалыматтар боюнча ал саниянын жигити болгон.

Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх