Тарых музейиндеги гранит жана мрамор плиталардын кайда кеткендиги аныкталды
Мамлекеттик архитектуралык курулуштун башчысынын орун басары депутаттардын алдында жооп берди
"Жоголуп кеткен мрамор жана граниттер Кыргызстандагы маанилүү окуяларга күбө болушкан. 2010-жылы аларга кан тамган. Ким аларды алып кеткенге дааган?" - деген сөздөрүн Алмамбет Шыкмаматов бүгүн фракция жыйынында айтты.
Мамархкурулуштун башчысынын орун басары Урматбек Көкөчааров төмөнкү маалыматтары менен бөлүштү:
- 4079 м² плиталар бузулуп алынган, алардын ичинен 1000 м² кайра Тарых музейин оңдоого иштетилген, - деп түшүндүрдү ал. - Ал эми 1100 м² плита болсо онкология имаратын оңдоого иштетилген. 1700 м² «Кыргызтелекомго» өткөрүлүп берилген. Калгандары болсо СМУ-3 сакталып турат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www