Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Колу сынган жаш кыздын өлүмү: Комиссия хирургдардын айткандарын текшерет

Саламатттык сактоо министрлигинин жумушчу тобу Чолпон-Атадагы Ысык-Көл бириккен ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа беришет

8 жаштагы кыздын колун кесип салгандан кийинки өлүмү фактысы боюнча  Саламаттык сактоо министрлиги жыйынтык чыгара элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттык сактоо министрлигини бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

- Учурда комиссия иштеп жатат. Кимдин күнөөсү экендиги азырынча тактала элек, - деди ал.

Ал ортодо, Barometr маалымат агенттиги кызды биринчи болуп Чолпон-Атадагы хирург Кубаныч Абдуразаков биринчи болуп карап, гипстегендиги тууралуу маалыматты жарыя кылды.

Абдуразаковдун сөзү боюнча, дарыгерлер кыздын өлүмүнө аны күнөөлөшүп, басым жасашкан.

- 3-сентябрь күнү Григорьвка айылындагы Мадина жыгылып түшүп, колун сындырып алган. Колунан кан кеткен, бирок эч кимге айткан эмес. Чоң энеси бул тууралуу кийинчерээк билген. Жергиликтүү тургундардын айтымында анын колуна байкеси топурак сээп, канын аарчып койгон. Анан алар сыныкчыга барышкан, а мага болсо 5-сентябрь күнү келишти. Мага даяр рентгендик сүрөт менен келишти. Мен баарын изилдеп карап чыктым. Өлчөмү 2-3 сантиметр болгон жараатты карап көрүп, тазалап жана гипстегем. Анан күн сайын келип таңууну жаңылатып турууну айттым, - деп жазылат жаш хирургдун билдирүүсүндө.
Кыздын чоң энеси биз күн сайын келе албайбыз, деп Кубаныч Абдуразаковго айткан. Анан ал кызды Ананьеводогу хирург-травматологго жөнөткөн.

- 7-сентябрда Медина чоң энеси менен Анаьевого барышат. Ал жердеги хирург карап көрүп, таңылган гипсти алмаштырат. 8-сентябрда дагы Ананьевого барышат. Хирург гангренанын башталганын көрөт да, кызды Бишкекке жөнөтөт, - деп билдирет ал.

Жаш врач агентствого айлыктын аздыгы тууралуу да даттанган, анысы аз келгенсип биринчи жолу эле минтип көйгөйгө кабылганын айткан.

- Мен 4 200 сом алам. Министрлик мага үй, жер, депозит беребиз деп убада берген, бирок тилекке каршы эчтеке жок. Бул жерде менин аялымдан башка эч нерсем жок. Эми болсо элдер кысымга алып жатышат. Мени ой басып калды. Иштегениме 1 жыл 3 ай гана болду. Мындай практика менде болгон эмес. Ошондуктан эмне айтып, эмне кылышымды да билбейм, - дейт Кубаныч.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүнү башчысы Кубанычбек Калмаматов жогоруда келтирилген маалыматтар тыкыр иликтенээрин  Vesti.kg сайтына билдирди.

- Аны азырынча эч ким айыптай элек. Байкеси топурак сепкени тууралуу да текшерүү жүргүзөбүз, - деп жооп берди ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх