Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алоологон «Супара»: Өрттү 5 сааттан ашык убакытта өчүрүштү (видео)

6 боз үй жана 1000 квадрат метр курулуп жаткан имарат күйүп кетти

Көк-Жар айылында жайгашкан «Супара» этнокомплексинде түндө өрт чыкты. ӨКМ маалыматына караганда куткаруу кызматына кабар түнкү саат 02:05 келип түшкөн.

- Ал жерде 6 өрт өчүрүүчү эсеп иштеди, Бишкек куткаруу кызматы, ИИМ кызматкерлери ал аймакты курчоого алды, медициналык тез жардамдын тобу  жана РЭСтин кызматкерлери барышты, - деп билдирет ӨКМ.



Өрт саат 0324 коопсуз кылынды. Ал эми толугу менен өчүрүү 6:46 гана ишке ашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1000 метр квадрат жер күйгөн. Себеби такталып жатат.
Жабыр тарткандар жок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх