Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Салянованын соттогу түшүндүрмөсү: Уулум анын көзүнө карагысы келген

Экс-генпрокурор айыпталуучуга  эч ким кол салууга камынган эмес деди

Улан Саляновдун өлүмү боюнча болуп өткөн сот жараянынын учурунда мушташ болду.

Соттук отурумдун жүрүшүндө залга жабырлануучу тараптын өкүлдөрү кирип келип, соттолуучуга кол салууга аракет жасашты. Конвоирлер аларды торго жакындаткан жок, ошондон улам конвоирлер менен тарапкерлердин ортосунда мушташ чыкты.

Экс-башпрокурор Аида Салянова окуя тууралуу Vesti.kg сайтына айтып берди. Ал айыпталуучуга эч ким кол салайын деген жок деп түшүндүрдү.

- Соттолуучу тордун ичинде болчу, ага кантип кол салат? - деди Аида Жеңишбековна. - Бул аябагандай таң калыштуу жана өтө эле аяр камкордук болду айыпталуучуга карата. Анткени ага карап кайрылууга да мүмкүнчүлүк беришпеди. Уулум жөн гана анын көзүнө карагысы келди.

Эске салсак, Улан салянов 2017-жылы 6-ноябрда өз үйүндө өлтүрүлгөн болчу. Бул кылмышка шектүү катары Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана РЖ жараны Заур Насруллаевдер кармалышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх