Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Машинаны сүздүрүп салып, жүгөрү өскөн талаага жашырынып алган. Ош областында куугундагы согушкер аңтарылды

Кыргызстандын түштүгүндө ондогон кылмыштарды жасаган өтө коркунучтуу кылмышкерди түнү менен издешти

Ош областында Казакстандын түрмөсүнөн качып кеткен өтө коркунучтуу кылмышкер Жылдызбек Бекмурзаевди издөөнү улантып жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Бүгүн түнү ал жүгөрү өскөн талаага бекинди, ал аймак курчоого алынды. Бирок ал качып кетти. Учурда аймак бардык жагынан тороого алынды. Ошондой эле өтүп бараткан жарандардан маалымат алып жатабыз.

Кечээ, болжол менен саат 14:30 - 15:00 дө кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлери кафеге киришкенде эки кишини байкашкан, - дейт Ашырбаев. - Алардын бири издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевге окшош экен.

Укук коргоочулар бул тууралуу кылмыш издөө кызматкерлерине билдирген.  Ыкчам кызматкерлер келип, документтерин сураган кезде кылмышка шектүү жанындагы баштыкты көрсөтүп, анда автоматтын бар экендигин, тийишсе атаарын айтты.

ИИБ маалымат катчысынын сөзү боюнча, Бекмурзаев шериги экөө кафеден качып кетишкен. Алар «Mercedes-Benz» маркасындагыф автоунаага отурушуп качып кетүүгө аракет кылышкан. Артынан куугун түшкөн.

- Кара-Суу районуна жеткенде милиционерлер кууп жетип, алардын алдын тороп токтоткон, - деп улайт кебин Аширбаев. - Салондон чыгуусун талап кылышканда качкындар машинаны сүздүрүп салып, андан ары кетишкен. Кылмышкерлердин машинасы баткакка тыгылып калып, андан ары жөө качып жүгөрү талаасына жашынышкан.

Талаа курчоого алынган. Түнү бою милиционерлер коркунучтуу кылмышкерди издешкен, бирок алар качып кете алышты.

- Аймакта издөө уланып жатат, блокпосттор коюлду, - деп маалымдайт ал. - Ошондой эле өткөн-кеткен адамдардан сураштырып жатышат. Кээ бирөөлөрү көргөндүгүн айтат. Ал маалыматтар да такталып жатат.
Жылдызбек Бекмурзаев 32 жашта, мурда каракчылык, тоноо жана зордуктоо боюнча бир нече жолу соттолгон.

Учурда ал 2017-жылкы төмөндөгү кылмыштарга шектелип жатат:

- Бишкектеги «Цзи Сянь» кытай ресторанын февраль айында карактоо
- «НСК» жана ЖЧК «Прод-импекс»  камсыздандыруу компаниясынын кеңсесин карактоо
 - «Альфа-Секьюрити» ЖЧК акча жана ок атуучу кымырып кетүү
-  «ГипПрофи», «Фирдаус Трейд» и «Крос Инк» кеңселерин карактоо

- Уламалар Кеңешинин башчысы Абдышүкүр Нарматовдун үйүн карактоо

 2018-жыклы кылмыш иштери:

- Ленинское айылынын акча алмаштыруу пунктун тоноо, ошондой эле таксистти өлтүрүп, анын машинасын айдап качат. Ал машинанын жардамы менен тростту байлап терезенин торун жулуп алган да , тоноп кеткен.

- Джалал-Абад шаарында  «Лига-трейд» ЖЧК кеңсесин тоноо
-  «Партнер-Нефть» ЖЧК кеңсесин тоноо
- Оштогу «Даннур-Юг» ЖААК тонооо

Андан сырткары, Жылдызбек Бекмурзаев Казакстанда 2017-жылы июль айында чегараны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалып камалган. Бирок ал колониядан качып кетип, кыргызстанга келген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх