Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунун прокурорунун орун басары эмне үчүн асынып алганы дагы эле бүдөмүк

Милиция кечээ маркумдун туугандары менен байланышка чыккандыгын маалым кылды

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин эмнеге асынып алганы ушу кезге чейин бүдөмүк. Кылмыш иши козголо элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында бул факт суицид катары катталган.

- Асынып алуунун себеби такталып жатат. Кечээ күнү туугандары менен байланыш түзүлүп иштеп баштадык. Мурда сүйлөшпөй жатышкан болчу, - деп маалымдайт Аширбаев.

Эске салсак, Ош облусунун прокурорунун орун басары ушул жылдын 10-сентябрында эртең менен асынып алган абалында табылган. Кээ бир маалыматтарда ал өзүнүн сарайында асынып алган.

Маркум Төрө Кожошев 54 жашта эле. Артында 5 баласы калды.

 

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх