Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИБ КМК нын начальниги ишкерлерге кат жолдогондугу үчүн жазасын ала элек

Милициянын чиновнигине карата кызматтык иликтөө бүтө элек. Ал арада премьер мындай өзүм билемдик атуу жазалансын деди  

 Жалалабат облусунун ИИМ кылмыш милиция кызматынын башчысы полковник М. Ниязалиев дагы эле өз кызматында отурат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР ИИМ маалымат кызматы билдирди.

- Аны кызматтан четтетишкен жок, бул деген кылмыш иши болуп саналат, - деп түшүндүрдү ИИМ. - Ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат, бирок жыйынтыгы жок алиге чейин.

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев майрамдарга жана иш чараларга ишкерлерден эч кандай акча топтолбосун деген көрсөтмө берди. л муну укук коргоо органдарынын жетекчилери менен болгон жоолугушууда айтты.

«Жакында эле Жалалабаттын ИИБ жетекчилигин ишкерлерден  милициянын 100 жылдык майрамын акча бергиле деп кат жазганы - бул жол бербей турган нерсе, бул укук коргоо органына көлөкө түшүрө турган көрүнүш», - деп билдирди өкмөт башчы. - Мындай өзүм билемдик жазасыз калбасын,  катуу жазаланыш керек. Мындай факт экинчи кайталанбоосу керек.

Ал КР ИИМ бул факт боюнча тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүүн жазага тартууну тапшырды.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты ишкерлер Жалалабат ИИБнан кат алышкандыгын жазган эле. Катта Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине каржылык жардамкөрсөтүү өтүнүчү болгон.

ИИМдегилер Vesti.kg сайтына тармакка  кат жарыя болгондон кийин кызматтык иликтөө башталды деп билдиришти.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх