Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялды өлтүрө тебелеп кеткен орусиялык аскер кызматкери Кыргызстанда калат

Кылмыш ишин РФ тийешелүү органдарына дагы эле өткөрүп берише элек. Материалдар Чүй облусунун Аламүдүн раондук ИИБдө жатат

Бул «Кант» авиабазасындагы орусиялык аскер кызматкери айыптуу болгон кылмыш фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары орус тарапка өткөрүлүп бериле элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Башпрокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

- Учурда иш Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБ тергөө кызматында жатат, - деп түшүндүрдү көзөмөл органы. - Быйыл 18-сентябрда мекемелер аралык жыйын болуп, ага Кыргыз Республикасынын ИИМ, коопсуздук Кеңеши жана Башкы прокуратура катышты. Ишти орусиялыктар тарапка өткөрүп берүү маселеси каралып бүтө элек, мыйзам жол бербей турган кээ бир жагдайлар жаралып жатат.

КР БП маселе иликтөө иш чаралары бүткүчө чечилет деп маалымдады.

- Жол кырсыгына күнөөлүү киши Кыргызстанда турат, - деп кошумчалады Башпрокуратуранын маалымат кызматы.

Эске сала кетсек,Vesti.kg сайты мурда Канттагы орусиялык аскер базасынын кызматкери аялды тебелеп, өлтүрүп кеткен жол кырсыгына айыпкер экендигин жазган эле. Аны орус тарапка өткөрүп берүүлөрү мүмкүн, анткени анын дипломат макамы бар.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ал арада РФ Аскер пролкуратурасы да кылмыш ишин козгоду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх