Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Масштабдуу «тарсылдак»: бажычылардын, чегарачылардын жана ВФМИЧК кызматкерлеринин колуна түштү

Ишкерлерден пара алуучу коррупциялык иштин бети ачылды. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына киргизилди

3 - башкарманын ыкчам кызматкерлери (УБОП)  ИИМ ТК Аскер прокуратурасы менен бирдикте жана Ош облусунун ИИБ  (СОБР) колдоосу менен Баткен аймагында ыкчам-иликтөө иш чараларынын масштабдуу жүрүшүндө коррупциялык схеманын катышуучулары  кармалды.

Бир катар мамлекеттик кызматтагы адамдар, анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматы, Чегара кызматы, ветеринардык жана фитосанитардык Мамлекеттик инспекциясы ишкерлерден ири өлчөмдөгү пара алып жаткан учурунда кармалышты. Ишкерлерди коркутуп жана алардан пара алуу үчүн ойлонулуп табылган схема ачыкталды.

МБК, МЧК, ВФМИ өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз материалдык пайда табууну көздөп коруупциялык схеманы түзүшкөн. Алар жарандардан жүк ташуучу машина менен Өзбекстандан өтүп келе жатканда өткөрүү үчүн акча алып турушкан. Булардын өткөргөндүгү үчүн акча алууларына каршы бир нече арыздар түшкөн.

ИИМ тергөө комитетинин чогулткан материалдары боюнча Аскердик прокуратура  КР КК 313 беренесинин 2 б. (Коркутуп акча алуу), 313 берене 3 б. (Пара алуу), 304 берене 2 б. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

2018-жылы 29-сентябрда пара алып жаткан учурда кармалгандар:

- Баткен бажысынын «Кызыл-Кыя» МТО бажылык каттоосунун улук инспектору Ж.Э. 1200 доллар АКШ долларын алып жаткан учурда;

- «Кызыл-Кыя автожол» текшерип-өткөрүү пунктунун инспектору Д.М. 2000 сомду пара катары алып жаткан учурда;

- Баткен облусунун фиоосанитардык жана ветеринардык коопсуздук башкармалыгынын башкы адиси Т.А. 1000 сом акча каражатын пара катары алып жатканда кармалган;

Андан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат кабинеттерин тинтүү учурунда  сейфтен 4000 АКШ доллары жана 4000 сом акча каражаты табылган.

Түнтүү өндүрүшүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик фитосанитардык-ветеринардык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын улук инспекторунун кызматтык столунун алдынан 11 000 сом акча каражаты табылды. 

Мамлекеттик чегара кызматынын метал сейфин тинтүү учурунда 28 000 сом акча каражаты чыкты.

Бардык көрсөтүлгөн акча каражаттары тартылып алынды, мөөр басылып жана кылмыш ишинин материалдарына кошулду. Иш андан ары иликтөөгө өткөрүлүп берилди.

30-сентябрда Аскер прокуратурасы КР КПК 94 беренесине ылайык жогоруда эсептелген кызмат адамдарын Ош ИИБ тергөө абагына киргизди.

ИИМдин маалымат кызматы       
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх