Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР ИИМ имаратында милиционер ички иликтөө кызматынын кызматкерин гей деп атап жана андан кийин таяк жеп ооруканага түштү

Ленин РИИБ инспекторун ички иштер министрлигинин кабинетинде көтөрүп чаап, сабашкан. Ал арыз жазды

ИИМ ички иликтөө кызматынын кызматкери Бишкектин Ленин РИИБ коомдук коопсуздук кызматынын инспекторун  сабап салды. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына жабырлануучу А.У. өзү билдирди.

- 3-октябрда мага аймактын жашоочусу Бакыт чалды, мен ал аймактын тескөөчүсү болчумун, - деп сөзүн алыстан баштады аңгемелешибиз. - Ал аны менен УКМКнын кызматкери жоолуккусу келип жаткандыгын айтты. Ал кооптонуп, мени өзү менен кошо баруумду суранды. Мен макул болдум. Биз Бакыт экөөбүз май куюучу жайдан жоолуктук. Май куючу жай Кулиева жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бир нече мүнөттөн кийин күмүш түстөгү «Лексус» автомагшинасы менен жарандык кийим кийген бир киши келди бизге.  Ал мага корс түрдө кайрылып документтеримди сурады да, үйгө кете беришимди талап кылды. Мен документимди көрсөттүм, анын да өздүгүн аныктоочу документ көрсөтүүсүн талап кылдым. Ал да милициянын майору болуп чыкты, ИИМде ички иликтөө Кызматынын кызматкери экен. Фамилиясы чынында эсимде калган жок.

Милиционер келген киши Бакыттан түшүнүк кат талап кылгандыгын белгиледи.

Бакыт коркуп жазган жок, - деп тактады ал. - ИИМдин ИИК адамы Бакытты кандайдыр бир машинаны мыйзамсыз саттың деп жатты. Мен майорго анын укуктары менен адегенде тааныщтырып туруп анан кийин гана жазганды талап кылуу керектигин айттым. Ал баш тартса да - анын укугу ошондой экендигин айттым. Бирок кызматкер мага оройлонуп баштады. Мен адегенде Бакыт мага түшүнүк кат жазсын, биздин мамилебиз ишенчиликтүүрөөк дедим. Майор мени сөктү. Мен аябай оңтойсуз абалда калдым. Жыйынтыгында бакыт түшүнүк кат жазып берди, а майор мага карап сени менен ИИМдин имаратына кирип алып сүйлөшөм деди.
Аймактык тескөөчүнү милициянын майорунун жол кыймылын бузуп жаткандыгы жинине тийип жатты. Алар ИИМ имаратын келишти.

- ИИК кызматкери курду тагынбай, светофор кызыл күйүп турган учурда өтүп кетип жатты, - деди аңгемелешибиз. - Жолдо баратып маичилердин токтотконуна жөн гана машинанын чырагын үлпүлдөтүп коюп өтүп кетти. Биз ИИМ имаратына келген соң, ал мени ажаткананын жанына тургузуп коюп өзү ачкыч издеп кетти. Мен ажатканага кирип, ал жерден үч кишини көрдүм, алар жарандык кийимчен экен. Сөздөрүнө карганда алардын эң улуусу ички иликтөө Кызматында иштейт экен. Ал «Мурда кылмышкерлерди эметчүмүн, эми менттерди эметем» деп мактана кетти. Мен формачан болчум, ошондуктан мен мундирдин баркы үчүн ыза боло түштүм. Мен ал адамга бирдей жыныстагы адамдарга андай мамиледе болсоң гомосексуалистсиңби дедим. бул сөз албетте анын арына тийди.

А.У. ал киши аны сүйрөп кирип кабинетте сабай баштагандыгын айтты.

- Ал адегенде мага күрөштүн ыкмасын колдонду, анан башыма , жонума ура баштады, - деп эскерет милиционер. - Мени бул жакка  алып келген ИИК кызматкери да кабинетте бар болчу. Ал жөн гана болуп жаткан окуяны карап тура берди. акыры мен кечирим сурадым. Андан соң мени түшүнүк кат жазууга мажбурлашты. Мен эмнени түшүндүрүшүм керек эле? Мен болгонун болгондой жаздым. Аларга бул жаккан жок. Үч жолу кайрадан жаздым. Акыр аягында мени ишке коё беришти. кийинчерээк мага жооп сурап үйгө кетүүгө туура келди. Үйдөн аркам ооруй баштады. мен тез жардам чакырдым. 4-октябрда мени ооруканага жаткырышты, ошондон бери жатам. Жабыр тартуучу А.У. Биринчи май РИИБнө арыз жазгандыгын, бирок арыз каралып жатабы же жокпу билбей тургандыгын айтты.

Vesti.kg  редакциясы өз кезегинде ИИМге комментарий үчүн кайрылат жана окуяынын мындан аркы жүрүшүнө көз салып турат.

Эльвира Алабина
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх