Бишкекте мэрияга караштуу үйлөр жеке менчикке сатылып кеткени аныкталды
Мамлекеттин эсебине 142 миллион 683 миң сомдук зыян келтирилген
"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдары борбор калаада муниципалдык үйлөрдү жеке менчикке сатып жибергени аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын токтому менен 1,524 гектар жер тилкеси көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн "А" компаниясына акысыз берилген. Аларга салынган үйлөрдүн 10 пайызын мэриянын менчигине өткөрүп берүү шарты коюлган.
Бирок "А" ЖЧКсы "Э" жана "Р" курулуш компаниялары, ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын жооптуу кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, курулган үйлөрдүн тиешелүү бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп бербестен үчүнчү жактарга сатып жибергендиги тастыкталган.
"Натыйжада "Кадастр" мекемесинин жооптуу кызмат адамдары бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүп, турак үйлөрдү сатууга шарт түзүп бергени аныкталды. Мунун кесепетинен мамлекеттин эсебине 142 миллион 683 миң сомдук зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Фото www
Окшош макалалар
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча
- Күчтүү дене жана күчтүү рух. Бишкекте бокс боюнча мастер-класс өттү
- ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
- ИИМ: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды