Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда 16 жаштагы кыз эне болду. Кылмыш ишин козгошу мүмкүн

Милиция кыздын зордукталгандыгын, же эркинен тышкары күйөөгө берилгендигин аныктайт

Өзгөн районунда 16 жаштагы кыз эне болду. Милиция иликтөөгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Ош шаарынын ИИБ маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, эгерде анын зордоп күйөөгө берилгендиги аныкталса, анын ата-энеси менен күйөөсү жоопко тартылат.

- Ал кыз 27-октябрда Ош шаарынын төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарды, азыр ооруканадан чыкты, - деп маалымаңдайт аймактык ички иштер башкармасы. - Текшерүү жүрүп жатат. Анын алданганын же зордукталгандыгын аныктоо зарыл. Эгерде аны күйөөгө беришкен болсо чара колдонот, анткени ал болгону 16 жашта.

Иликтөө иш чараларынын жыйынтыгында КР КК 132-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо зарыл.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх