Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Эгизбаевдин өлүмү фактысы боюнча эки кишиге айып тагылды

 Пансионаттын жетекчилери өтүп жаткан кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты

Улан Эгизбаевдин өлүмү фактысы тууралуу кылмыш ишин иликтөө аяктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат кызматынын улук инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди.

- Улан Эгизбаев өлгөн пансионаттын эки жетекчисине  КР КК 258 беренеси «Коопсуздук талабына жооп бербеген товарды өндүрүү, сатуу же кызмат көрсөтүү» боюнча айып тагылды, - деп тактады ал. - Бирок кылмыш иштин материалдары прокуратура текшергенден кийин гана сотко келип түшөт. Кылмыш иши эки томдон турат.

Осмонбаев ошол кайгылуу окуя болоордон 10 күн мурда ӨКМ кызматкерлери пансионатты текшеришип, коопсуздук эрежелеринин бузулгандыгын аныкташкан.

- Пансионаттын жетекчилигине 10 күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоого убакыт берилген, бирок алар кемчиликтерди оңдогон жок, - деп түшүндүрдү ал. - Ошол жагдайдын өзгөрүшүнө карап эң акыркы күнү Улан Эгизбаев каза болду.

Эске сала кетели, журналист Улан Эгизбаев быйыл, 22-июлда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын пляжында чөгүп кеткен.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх